Кытайдан 40 кыргыз студент Бишкекке келди (сүрөт)

315

Казак тараптын жардамы менен Кыргыз Республикасынын 40 жараны (студенттер) бүгүн, 2020-жылдын 13-февралында «Пекин-Алматы» каттамы менен учуп келишип, атайын Бишкектен жиберилген автобус менен Алматы (Казахстан) шаарынан борбор калаага жеткирилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Студент мекендештер Кытай Эл Республикасына болгон каттамдардын токтотулушуна жана Кыргыз-Кытай чек арасынын жабылышына байланыштуу, мурда сатып алган авиабилеттери менен учуп келе алышпай, Үрүмчү шаарында жашап жатышкан.

Келген жарандар тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүлүп, убактылуу обсервация жайларына карантинге жайгаштырылды. Баардыгынын абалы канааттандыраарлык.

Келген жарандардын бардыгы коронавирустук инфекцияга текшерүүдөн өтүшөт. Карантин мезгилинде алар менен медицина кызматкерлери гана байланышта болот.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь