Күйүүчү майды өз алдынча колдонгон “Тазалыктын” кызматкерлери кармалды

689

Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Алардын билдирүүсүндө, бухгалтер менен операторлор кызмат абалынан пайдаланып, күйүүчү майдын талондорун өз алдынча коротушкан. Ал күйүүчү майды «Тазалык» 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алган.

Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кармалган кызматкерлери эки айга үй камагына алынды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь