«Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы Козубаев иштен айдалды

918

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы Алымжан Козубаев ээлеп турган кызматынан бошотулду.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөт Козубаевди иштен алуу сунушун киргизген.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жүргүзүлгөн мониторингдерге ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча этаптуу иш-чаралардын планына киргизилген иш-чаралардын жарымынан көбү аткарылбай калганын баса белгилеген.

Пландын 148 иш-чарасынын 83ү аткарылган эмес. Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун практикасында иш-чаралардын аткарылбаганы боюнча мындай пайыз (56%) биринчи жолу байкалган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь