Ухань шаарында дарыгер “Кара жорго” бийин бийледи (ВИДЕО)

3 145

Кытайдын Ухань шаарында дарыгер бейтаптарга “Кара жорго” бийин бийлеп берген видео чыкты. Видеоролик Twitter социалдык тармагына жайгаштырылган.

Видеонун авторунун айтымында медицина кызматкери казак улутундагы жаран. Ал ооруп жаткан бейтаптардын маанайын көтөрүү максатында шаң тартуулаган.

Эске салсак, Ухань шаары коронавирус тараган очок болуп саналат. Акыркы маалыматтарда вирус жуктургандардын саны 33 миңге жетип, миңден ашуун жаран өмүр менен коштошсо, 1078 бейтап ооруну жеңген.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь