Кыргызстандын Малазиядагы элчилигине дайындалган Азимбек Бекназаров Малайзияга жөнөп кетти. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров Facebook баракчасына жазды.

Ал атасын чет өлкөгө узатканын белгилеп, Кыргызстан менен Малайзиянын мамилесине өзгөрүүлөр алып келерине ишенимин билдирди.

«Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат. Аллах силерге адам затына арнаган жакшылыгын аябасын. Жашооңуздар пайдалуу жана берекелүү болсун», — деген билдирүү калтырган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 107

Разработка сайтов - bahtiiar.com