Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова кызматтан кетти

445

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган.

Азиз Суракматов анын берген арызына кол койду.

Ал эми Мейрманованын оруна басары Наталья Никифорова башкармалыктын башчылыгы милдетин убактылуу аткарып турат.

Белгилей кетсек, Мейрманова Билим берүү башкармалыгынын 2014-жылдан бери жетектеп келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь