“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, өлкөнүн учурдагы саясий социалдык абалы тууралуу Элдик медиа интернет порталына маек берди.

– Саламатсызбы, Жеңиш мырза. Алгач эле учурдагы өкмөттүн саясий социалдык маселелери боюнча суроо берсек. Акыркы убакта өкмөттүн тез-тез алмашышы коомчулукта терс пикирлерди жаратып, канча алмашса да иштери көрүнбөйт деген сөздөр кеңири жайылууда. Буга сиз кандай баа бересиз?

– Премьер-министрдин алгылыктуу иш алып баруусу учүн, өз кадрларын тандоодо чоң жоопкерчилик алышы керек. Азыр андай жоопкерчиликти биз көрө албай жатабыз. Учурда бир нече министрлерге издөө салынса, кээ бири ири суммадагы пара менен кармалып жатат. Бул дегендик өкмөттүн тобундагы башаламандык болуп түшүндүрүлөт. Өкмөттү шайлоо парламенттин колунда. Демек чабал өкмөттү шайлап алып, ашкере мактап коюп өз кызыкчылыктарын коргоп жаткан чөнтөк парламентинде да күнөө бар. Өлкөдө социалдык көйгөйлөр да өтө көп. Мисалга, миңдеген балдарга мектептер, бала бакчалар жетишпейт. Төрөттө көз жумган ымыркайлар жылына  2 миңге жетип жатат. Бул маселе өкмөттү тынчсыздандырышы керек. Бул боюнча премьер үн каткан жок да. Айта берсек көйгөй көп.

– Эми сиз жаш саясатчы катары, ушул көйгөйлөрдү тез арада же сапаттуу чечүү жолдорун көрүп турасызбы?

– Бир гана жолу бар. Ал тартип. Жөнөкөй мисалдарды да келтирсек болот. Жакында эле өзүңүздөр билгендей Коопсуздук кеңеши болуп анда жалпысынан 30дай атка минерге сөгүш берилди, сындар айтылды. Бирок бирөө да жоопко тартылган жок да. Демек өкмөттүн ишинде качан тартип болгондо, жоопкерчилик болгондо гана алгылыктуу иштер болот.

– Өкмөттү шайлаган парламентте да кандайдыр бир кемчиликтер барбы, деги эле парламент жакшы иш алып баруусу үчүн, шайлоодо күчтүү партия келиши үчүн кандай жолдорго баруубуз керек?

– Шайлоо босогосун төмөндөтүү ыкмасын мен туура көрмөкмүн. Себеби, баарыбызга маалым болгондой акчалуу партиялар гана өтүп кетпеши үчүн, шайлооо босогосун 5-4% га төмөндөтүу керек.

– Коомчулукта сизди бийликтин партиясы менен шайлоого аттанганы жатат деген сөздөр чыгып жатат. Сиз келерки шайлоого “Замандаш” партиясы менен барасызбы?

– Кандайдыр бир жеке кызыкчылыктар тарабынан же атайын чагымчылдар тарабынан берилген бей расмий суроого расмий жооп берүү кажет эмес. Мен ошондуктан бул чындыкка коошпогон суроого жооп берген эмесмин. Эгерде, Замандаш партиясы шайлоого кандай кадамдар менен барат десеңиздер, албетте, баягы эле эл ишенген, эл үмүттөнгөн убадаларыбыз менен “Замандаш” партиясы шайлоого барат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 135