Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев камалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнен билдирди.

Белгилүү болгондой депутат бүгүн 14-февралда Исфана шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, 12-февралда Катраң айыл өкмөтүнүн депутаты Нурдин Дүйшөбаев милицияга арыз менен кайрылып, аны кесиптеши Сапарали Бөрүбаев эч бир себепсиз уят сөздөр менен акаарат кылып, уруп денесине зыян келтиргендигин билдирген.

Бул арыз Лейлек РИИБнүн КЖБРне “Ээнбаштык” фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми арыз ээсинин алган жараатынын канчалык даражада экенин аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, Лейлек аймактык ооруканасына жаткырылган.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Бөрүбаев өзүнө карата айыпты жалган жалаа экенин билдирген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 230