13-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Саат 10:00 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 5500м3 кар көчкүсү түшүп, жабыркагандар жок.
Жерине ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысы, №27 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылып, саат 15:50дө унаа жол толугу менен тазаланган.