Маданият, маалымат жана туризм министринин буйругуна ылайык Алим Токторов  Баткен облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды.

Баткен медиа борборун буга чейин жетектеп келген Мамажан Бердишев Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын директорлугуна барган.

Өткөн жылдын этегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында турган райондук гезиттер жоюлуп, облустук телеканалдардын базасында медиа борборлор уюштурулган. Жаңыдан түзүлүп жаткан мульти форматтагы облустук медиа борбордо телекөрсөтүү, гезит, web-сайт, он-лайн берүү жана пресс-борбор платформалары болуп, республикадагы 40 районду жана райондук маанидеги ири шаарларды камтып, ар бир райондо эки кабарчы иш алып барат. Жакынкы аралыкта министрлик аймактык медиа борборлордун кызматкерлери үчүн заманбап журналистиканын жаңы усулдары боюнча окууларды өткөрүп баштайт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 268