ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан баткен областында “С.А.С” аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 3 878 600 сомдук спорттук кийимдер табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Комментарии

  1. Алып келсе эмне болуптур спортсмендерге жакшы болмок пайдаланмак арзаныраак алмакта андан башка толтура контрабанда товарлар деле кирип атпайбы сигарети баш болуп эми ошолорду оздору откозгон таможниктер спорт кийимдерин кармаганы жеткен акмакчылыкта

  2. Ушул кийимдерди менин окуучуларыма бергилечи! Коп окуучуларым формасы жок машыккандан, мелдештерге баргандан кыйналып атышат. Бизге бергилечи!!!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 215