Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев Төлөгөн Рахманберди уулунун прездентке кайрылуусунда негиз жоктугун, бирөөнүн кызыкчылыгы экенин айтып чыкты:

«Мурунку жана жакынкы окуя боюнча иликтөө болгон. Тиешелүү орган кызматкерлерине сурак бергем. Мыйзам баарыбызга бирдей. Төлөгөн менин иним болот, бир жерде чогу машыкканбыз. Ал боюнча Оштогу бардык спортчулардан сурасаңар болот. Менин ал жерде эч кандай тиешем жок. Бирөөнүн кызыкчылыгы болуп жатат. Бул иш боюнча  УКМК, ИИМ суракка чакырды. Бүгүн барып калышым мүмкүн», -деди ал.

Саркарбаев Райым Матраимов менен анын эч кандай байланышы жоктугун айтып, ал адамды патриот жигит катары таанып, сыйлай турганын белгилейт.

«Райымбек Исмаиловичти кыргыз жигити, спортчуларды колдоп жүргөн адам катары сыйлап, тааныйм. Башка байланышыбыз жок».

Булак: t-media.kg

Макала жактыбы?

НетДа
16
14
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 588