Ош шаардык Спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевди кызматтан алуу маселеси келерки жуманын башында каралат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирген. Буга спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке видеокайрылуусу негиз болууда. Видеокайрылуу фейсбук социалдык тармагы аркылуу 14-февралда таратылган.

Анда Рахманберди уулу спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топ ок атып, “бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз” деп коркутушканын айткан. Нурбек Раимбеков кылмышка шектүү катары камалгандардын бири, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси.

Рахманберди уулунун президентке кайрылуусун Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы негизсиз, мурдагы көрсөтмөлөрүнө дал келбейт деп билдирди.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. 2019-жылдын 27-декабрында Оштун мэринин жаштар үчүн уюштурган жаңы жылдык кечесинде «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамы ыйгарылган.

Булак: “Азаттык”

Макала жактыбы?

НетДа
2
3
Loading...

Комментарии

  1. Кылыч менен Тологон бирге эле журушкон, ортодо акча талаш болгон деген имиш бар! “Достун тубу-доо” деген соз деле туура окшойт!
    Экоо тен кучтуу спортсмен!
    Криминалга аралашып кетишкендери окунучтуу!
    Спорт -достуктун, ынтымактын символу!……деген улуу соз чыныгы спортсмендердин гана журогундо болот!
    Ынтымакка келгиле Инилер!
    Кийин “аттин” деп бармагынарды тиштеп калбагыла!
    Кийин кеч болуп калат………..

  2. Oh my goodness! Impressive article dude! Thank you, However I am experiencing issues with your RSS.
    I don’t understand why I can’t join it. Is there
    anyone else getting identical RSS problems? Anyone who knows the solution can you
    kindly respond? Thanx!! 3aN8IMa cheap flights

  3. hi!,I like your writing very much! percentage we
    keep up a correspondence extra about your article on AOL?
    I require a specialist in this space to solve my problem.
    May be that is you! Having a look forward to see you.
    cheap flights 31muvXS

  4. What you posted made a ton of sense. However,
    what about this? what if you added a little information? I am not
    saying your information is not good, however what if you
    added something to maybe get people’s attention? I
    mean Кылыч Саркарбаев кызматтан алынабы?
    Мэрия үн катты (ВИДЕО) | eldik.media is a little plain. You should glance at Yahoo’s
    front page and watch how they create article headlines to get viewers interested.

    You might try adding a video or a related pic or two to grab readers interested
    about everything’ve written. Just my opinion, it could bring your blog a little bit more interesting.

    Look into my blog post … cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 140