Аялынан жашырынып үйлөнүп жаткан жарандын абийири ачылып, ур-токмокко алынды

560

Пакистанда үйлөнүп жаткан жигит, өз тоюнан качып кетип аман калган.

Үлпөт той учурунда болочок күйөөнүн биринчи аялы келип калып, ал тууралуу бардыгын ачыктаган. Белгилүү болгондой жаран буга чейин үйлөнүп, бир эмес эки аялы болгон.

Чындыкты билген коноктор Асиф Рафик Сиддикини ургулап, кийимдерин айрып жиберишкен. Айласы кеткен киши автобустун алдына жашынып, жолдо өтүп бара жаткан адамдын көмөгү менен качып кетип аман калган.

Пакистанда төрт аял алууга уруксат берилген, бирок кийинкисине үйлөнөөрдө буга чейин алган аялдарынын сөзсүз уруксаты керек.

Сиддики биринчиден аялдарынан уруксат албастан үйлөнүүнү чечкен. Экинчиден жаңы үй-бүлөгө өзүн бойдок катары көрсөткөн. Келген коноктор той өтүп жаткан залга Сиддикинин аялы баласын көтөрүп келип, чаң салганда гана билишкен.

.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь