Блогер Сыдыман убактылуу кармоочу жайга киргизилди

375

Инстаграмда Sydyman деген ат менен катталган блогер Элмир Сыдыманов Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Октябрь райондук ички иштер  башкармалыгынын кызматкерлери 1997-жылы туулган Сыдымановду “расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу беренесинин негизинде кармап кетишкен.

Буга чейин блогер түз эфир аркылуу элди түндүк-түштүккө бөлгөн сөздөрдү айтып, бул коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Кийин ал өзүнүн ютуб каналы аркылуу жалпы элден кечирим сураган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь