Жергиликтүү гезиттердин жоюлушу боюнча парламентте талаш орун алды (ВИДЕО)

506

Өткөн жылдын этегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында турган райондук гезиттер жоюлуп, облустук телеканалдардын базасында медиа борборлор уюштурулган.

Бүгүн парламенттин тармактык комитетинде аймактагы гезиттердин жоюлушуна нааразы болгон депутат Садык Шер-Нияз маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айткандарына кошулган жок.

Кадырбеков маалымдагандай учурда Кыргызстанда облустук гезиттер чыгып жатат.

“Мурда 15 адам чыгарган гезитке караганда, 5-6 адам сапаттуу гезит чыгарып жатышат. Гезиттердин жоюлуп кетиши боюнча нааразылык эл тараптан эмес, кызыкчылыгы бар адамдардын амбициясынан улам келип чыгып жатат”,-дейт министр.

Жергиликтүү гезиттердин жоюлушу боюнча парламентте талаш орун алды

Жергиликтүү гезиттердин жоюлушу боюнча парламентте талаш орун алды

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Понедельник, 17 февраля 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь