Момбеков: Мавлянованын жеке кызыкчылыгынын айынан комитеттин иши үзгүлтүккө учурады (видео)

546

“Учурда Жогорку Кеңештеги 9 комитеттин эң чоң жана маанилүү деп эсептелинген транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин иши токтоп турат”,- дейт ЖК депутаты жана аталган комитеттин мүчөсү Рыскелди Момбеков.

Момбеков аталган комитеттин төрайымы Махабат Мавлянова моралдык жоопкерчилик алып, тез арада өз ыктыяры менен төрайымдыктан кетиши керек эле дейт. Себеби 2019-жылдын декабрь айынан бери комитеттеги 14 депутат Мавляновага ишенбөөчүлүк көрсөтүп келишет. Акыркы учурда парламенттин тармактык комитетинде жыйындар дагы өтпөй жатат, себеби депутаттар өз талабын коюшкан.

Ал эми  Махабат Мавлянова мамлекеттин ишинен өз кызыкчылыгын жогору койду деп нааразы болду эл өкүлү.

Эки айдан бери комитеттин бир дагы жыйынына катышкан жокмун. Бул аралыкта жыйындар 5-6 жолу үзгүлтүккө учурда. Себеби комитеттин төрайымы өз ыктыяры кетмейинче биз келбейбиз деп бир топ депутат ультиматум кылып, кворум кылбай жатабыз.”,- дейт депутат Момбеков.

Р.Момбеков "Мавлянованын жеке кызыкчылыгынын айынан комитеттин иши үзгүлтүккө учурады"

Р.Момбеков "Мавлянованын жеке кызыкчылыгынын айынан комитеттин иши үзгүлтүккө учурап жатат"

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Понедельник, 17 февраля 2020 г.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь