Москвада кыргызстандык жигит толгоосу келген келинге жардам көрсөттү (ВИДЕО)

547

Орусиянын Москва шаарында курьер болуп иштеген кыргызстандык Мирлан Жамалдинов толгоосу башталган кош бойлуу аялга жардам берди. Бул тууралуу «Baza» басылмасы жарыялады.

Мирлан кезектеги буйрутманы кардарга жеткирип барганда, капыстан келиндин толгоосу башталып калган. Жигит дароо тез жардам кызматын чакырып, алар келгиче москвалык келиндин жанында болгон.

Төрөттөн соң россиялык аял тейлөө кызматына чалып, кыргызстандык жигитке ыраазчылыгын жеткирип коюну өтүнгөн. Ал эми өзүнүн абалы жакшы экенин жана уул төрөгөнүн кошумчалаган. Бул окуя Россиянын ЖМКларына жарыяланды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь