Бабанов төрагалыктан кеткени “Республика” партиясын каржылабай калды

737

Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика – Ата Жур” фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев партиянын экс-лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан жана төрагалыктан кетип, партияны каржылоого да катышпай калганын “Азаттыкка” берген маегинде белгиледи.

Ушундан улам биз “шайлоого катышабыз” деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий кампанияларын баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгуу өтө кыйын“.

Кенжебек Бокоевдин айтуусунда азырынча “Республика” шайлоого башка партиялар менен кошо баруу маселесин карай элек. Ал эми жергиликтүү шайлоолордон партия Каракол шаар кеңешин шайлоого катышууну чечкен.

Балыкчы сүйлөшүлүп жатат, Ошко быйыл жетишпей калдык” -деди Бокоев.

“Республика” партиясы мурдагы чакырылыштагы парламенттик шайлоого “Ата Журт” партиясы менен тандемде “Республика – Ата Журт” деген аталышта катышкан.

Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо утулган соң, өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк ал саясаттан кеткенин жарыялап, былтыр 24-декабрдагы курултайда партиянын лидерлигин да Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын күз айларында өтөт.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь