Балбан Азат Салидинов Азия чемпионатынын финалына чыкты

253

Кыргызстандык балбан Азат Салидинов Азия биринчилигинин финалына чыкты. Бул тууралуу unitedworldwrestling.org сайтында айтылат.

Салидинов бүгүн, 18-февралда грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалга жолдомо алды.

Ал финалдык беттеште индиялык балбан Кумар Сулих менен күч сынашат.

Ошондой эле эки балбан коло үчүн күч сынашат. 77 килограмм салмакта Ренат Иляз уулу өзбекстандык балбан Бекзод Умаров менен, ал эми 130 килограмм салмакта Роман Ким индиялык Сингх Мехар (Singh Mehar) менен күрөшөт.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь