Баткен боюнча айткан генералдын сөзүнө Тажикстан расмий билдирүү жасады

1 830

Милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновдун Баткен облусу боюнча билдирүүсү анын жеке пикири жана өлкөнүн бийлигинин расмий позициясына эч кандай тиешеси жок. Мындай пикирин бүгүн 18-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин билдиргенин asiaplustj.info басылмасы жазды.

“Биринчиден, бул Тажикстандын Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навджувоновдун жеке пикири. Анын билдирүүсүн Тажикстандын расмий позициясы катары кабыл алууга болбойт, себеби ал расмий жыйында айткан жок да. Чек ара боюнча биздин расмий позициябыз эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясында айтылат. Премьер-министрдин орун басары же Тажикстандын тышкы иштер министри гана мамлекеттин пикирин расмий айтууга укуктуу“, -деп сүйлөдү министр.

Ошондой эле бул жердин тарыхын эки тараптан эки өлкөнүн тарыхчылары терең изилдегенин кошумчалады.

“Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө карабастан Кыргызстанда айрым жүздөр карама-каршы билдирүү жасап жатышат. Бул жерлердин тарыхын Тажикстандын илимдер академиясындагы тарыхчылар жара археологдор жакшы билишет. Алар биздикин дагы жана кыргыздардын дагы тарыхын жакшы билет”,-деди Сироджиддин Мухриддин.

Тажикстандын тышкы иштер министринин айтымында, акыркы 16 жыл ичинде эки тараптуу макулдашуулар канааттандырарлык аткарылбай жатат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь