Бишкекте каржы пирамидасын түзгөн аял кармалды

1 049

Бишкекте “Мега Трейд” каржы пирамидасынын түзүүчүсү кармалды. Октябрь РИИБнен билдиргендей, 21-январда бишкектик жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында жакшы тааныш эмес аял 2017-жылы февралда “Мега Трейд” каржы пирамидасын түзгөн. Компаниянын кеңесеси Кулатов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Компанияны түзгөн аял кирешени көбөйтүү үчүн 420 миң сом алып, убадасын аткарбастан, качып кеткен.

Бул факт “алдамчылык” беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүү делген 1974-жылы туулган Н.А. аттуу аялды кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгиленгендей, кылмышка шектүү башка дагы ушул сыяктуу иштерге тиешеси болушу мүмкүн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь