Бишкекте Тажикстандын элчилигинин алдында митинг өттү

367

Бишкекте Тажикстандын элчилигинин алдында Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Абдулло Навджувоновдун жоопкерчилигин кароо боюнча митинг өттү.

Митингдин катышуучулары генералдын билдирүүсү боюнча Тажикстан Республикасынын бийлигинен расмий кайрылууну талап кылышты.

“Биз Баткен облусунун жашоочулары жана Кыргызстандын жараны катары Абдулло Навджувоновдун билдирүүсүнө нааразычылыгыбызды билдиребиз. Негизинен биздин тышкы иштер министрлиги Тажикстанга расмий нота жибериши керек”, -деди катышуучулардын бири.

12-февралда тажик генералы “Баткен эч качан кыгыздын жери болгон эмес” деген сөзүн айткан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь