Кара-Кулжада мектеп өрттөнүп кетти (видео)

175

Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылынын Сагындык атындагы орто мектеби күйүп кетти. ӨКМден билдиргендей, тилсиз жоо 17-февраль күнү кечинде саат 23:50дө, балдар мектепте жок кезде чыккан. Айыл эли өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышып, ичиндеги компьтерлерди ташышкан.

Өрттүн кесепетинен мектептин болжол менен 500 ч.м. аянты күйгөн. Каза болгон жана жабыркаган адамдар жок.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 1 бөлүм жана авариялык куткаруу унаасы менен 10 куткаруучу тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 07:45те чектөөгө алынып, саат 07:55те толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь