Круиздик лайнердеги кыргызстандык жаран коронавируска кабылды

477

«Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнеринде 67 адам  COVID-19 коронавирусун жуктурганын Жапониянын саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратты. Ооруга кабылгандардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар.

Чет элдик журналдын маалыматында World of Cruising карантинге алынган кеменин ичинде вируска кабылгандардын жалпы саны 500гө чамалады.

3 700 жүргүнчүсү бар жапониялык лайнер 3-февралда карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулган. Эртең 19-февралда карантинден чыгарылат.

Жапониянын саламаттык сактоо министрлиги тастыктаганда, жуктурган жарандар: 27 –  Жапониянын жараны, 17- Филиппин, 5- Австралия, 3- Канада, 2-Германия, 1-Гонконг, 1- Кыргызстан, 1- Индия, 1-Тайвань.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь