“Матраимовдор коркутууга алууда” Кимсановдун кайрылуусу боюнча тергөө иштери башталды (ВИДЕО)

220

Эмирбек Кимсановдун президентке кайрылуусу боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБнен билдирди. 

Эмирбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси. Ал агасы Эмилбек Райымбек Матраимов тараптан болуп аткан кысымдан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Ош милициясынан белгилгендей, 15-февраль күнү 1996-жылы туулган Кимсанов Эмирбек Жанибекович «Фейсбук» социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу анын бир тууган агасы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылынын жашоочусу Кимсанов Эмильбек Жаныбековичти жана анын жубайы Заворотная Мария Михайловнаны «Матраимовдордун үй бүлөсү коркутууга алып, үй бүлөөсүнө коркунуч туудуруп жаткандыгы» туралуу маалымат таркаткан.

Аталган факты 15-февраль күнү Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жабырлануучунун жашаган үйүнө барып кароо жүргүзгөн жана тийиштүү материалдарды топтошкон.

Ал үйдө жабырланучулардын жакын туугандарыбыз деп өздөрүн тааныштырган Ош шаарынын жашоочулары 1987-жылы туулган С.А жана 1981-жылы туулган И.А аттуу жарандар үйүн карап жашап жаткандыктарын жана үй ээлери учурда чет өлкөгө чыгып кеткендигин билдиришкен.

Жабырлануучулар учурда Кыргызстандын аймагында жок болгондуктан анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева жабырлануучулар менен байланышып тергөөгө тийиштүү суроолорго жооп бере тургандыгын билдирген.

Бүгүнкү күндө Э.Кимсановдун үй-бүлөсүнө карата коркутууларды жасаган белгисиз жарандарды жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тактоо боюнча атайын тапшырмалар берилип тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович,ал эми,бул видео далил Раим Матраимовдун бандиттери женемди сабап кетишкен. Матраимовдорго закон иштебейби? Карапайым элге иштеп,же Матраимовдор Кыргызстандын мыйзамын толугу менен сатып алышканбы,айтор,Кыргызстанда мыйзамдын кучу Матраимовдорго иштебейт куч органдары Матраимовдордун созун угушат.

Опубликовано Кимсановом Эмирбеком Суббота, 15 февраля 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь