Балбан Азат Салидинов Азия чемпионатында күмүш медаль утту

275

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Азат Салидинов Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль утту.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Салидинов 18-февралда грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан.

Ал финалдык беттеште индиялык балбан Кумар Сулих менен күрөшүп, атаандашына 0:5 эсебинде жеңилип калды.

Алтын байгени индиялык балбан алса, күмүш медаль Азат Салидиновго тийди.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь