Блогер Сыдыман 2 айга камакка алынды

194

Блогер Элмир Сыдыман (Sydyman) Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнен билдирди.

Октябрь райондук соту Элмир Сыдыманды тергөө изоляторуна эки айга кармоо боюнча чечим чыгарган.

Белгилей кетсек, Сыдыман Instagram баракчасы аркылуу түз эфирде элди түндүк-түштүккө бөлгөн сөздөрдү айтып, бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Кийин ал өзүнүн ютуб каналы аркылуу жалпы элден кечирим сураган болчу.

19-февраль күнү 1997-жылы туулган блогер “расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу” беренесине шектелип кармалган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь