Жалал-Абадда $30 миң жасалма акча менен үч киши кармалды (сүрөт)

316

Жалал-Абадда жасалма акча иштеткен кылмыштуу топ кармалды. УКМКдан кабарлагандай, 16-февраль күнү үч киши кармалган. 1986-жылы туулган Х.М., диний уюмдун мүчөсү 1982-жылы туулган К.Н., 1971-жылы туулган К.Б. 100 долларлык номиналдагы жалпы суммасы $30 000 түзгөн жасалма акча менен колго түшүштү.

Такталган маалыматтарда, жасалма акча купюралары коңшу өлкөлөрдүн биринде жасалып келген. Аны Кыргызстанга  алып келип иштетип, жасалма 10 миң доллардын ордуна 4500 доллар чыныгы акчага накталай алмашышмак. Жасалма акчаны чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүшкөн.

Бул факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иши ачылган.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен кармалгандар Оштогу УКМКнын тергөө изоляторуна 2 айга камакка алынды.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чарасы жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь