Кыргызстан Кытайга 7 тоннадай гуманитардык жардам жеткирди (сүрөт)

235

Короновирустун жайылышына каршы аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстан Кытайга  гуманитардык жардам берди. ӨКМден Элдик медиага билдиргендей, жалпысынан 7 тоннанын тегерегиндеги жүктү өткөрүп берүү бүгүн 19-февралда ишке ашырылды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды белгиленген жерге, тагыраагы айтканда “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин жеткиришкен. 

Эскерте кетсек, жүк Кытай тараптан суроо-талабына ылайык даярдалды (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар,жеке коргоочу медициналык краажаттар).  

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь