Россия Кыргызстандан ташылып келген 42 тонна жүктү артка кайтарды

2 196

Россия Борбордук Азиядан алынып келген 123 тонна продукцияны өлкөнүн аймагына өткөргөн жок. Анын ичинен 42 тонна жүк Кыргызстандан барган. Бул туурасында Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө федералдык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оренбург облусунда 7-февралдан 16-февралга чейин Россияга Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан мыйзамсыз ташып келүү боюнча 9 учур катталган.

Ал эми Кыргызстандан жараксыз фитосанитардык сертификат менен өрүк данектерин (0,1тонна) жана 42,5 тонна жер жаңгак, күрүч жана кургатылган жемиштерди алып кирүүгө аракет кылышкан.

Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык, айыпталуучулар административдик жоопко тартылып, жүк унаалары кайрадан артка кайтарылган.

 

Комментарии

  1. Кененирээк жазсаңыз жакшы болмок
    Маалыматка караганда жараксыз фитосанитардык көзөмөл жасалмалуулук кылган Кыргызстандын фит санитардык ишкерлер кошо күнөөлүү деп жазаланабы?
    Ишкерлерди сөзсүз түрдө колдошубуз жана аларды коргоо керек деп эсептейм
    Мамлекеттин жүзүнө көө сүйкөп жатышы мени өкүндүрөт.Кыргызстандан барган Ата мекендик өндүрүш жана жашылча жемиштерди көбүрөөк экспорт кылуу менен эң жакшы жолго коюлуп калса деген ой

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь