Саякат кемесинде иштеген Темирлан коронавирус тууралуу айтып берди (видео)

459

Кыргызстандык Темирлан «Carnival Liberty cruise Lines» круиздик кемесинде тейлөөчү (официант) болуп эмгектенет. Анын айтымында, 5 айдан бери кемеде болуп, Флорида, Майами, Багамага барды.

Темирлан коронавирус тарап жаткандыктан азиат түспөлүндөгү коноктордун саны абдан азайып кеткенин айтып берди. Кемеде бул ооруну жуктурган бир да учур катталган жок, бирок экипажга кошумча нускама берилип, алдын алуу чаралары күчөтүлдү.

«Кемеде абал туруктуу, эч ким бет кап тагынган жок», – деди ал.

Анын айтымында, кеменин ичинде 4 миң конок жана экипаждын 1,5 миң мүчөсү бар. Жүргүнчүлөр кемеге кирип жатканда атайын жабдык аркылуу текшерилет.

«Бизде экипаждан 28-30 адам бир учурда сасык тумоого чалдыкты. Алардын ичинен 4-5 адам катуу ооруду. Алар сакайып кеткиче өзүнчө бөлмөлөрдө жашады», – деди Темирлан.

Булак: barakelde.org

Эске салсак, ичинде 3000ден ашык киши бар «Diamond Princess» аттуу саякат кемесинен 450 адамга коронавирус жуккан. Мунун айынан кеме 3-февралдан тартып Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь