Айылга барган чиновниктерге тургундар балта, таяк, таш менен кол салышты (ВИДЕО)

1 293

Өзбекстандын түштүгүндө айыл жашоочулары балта, таш, күрөк, таяктар менен куралданып айылга келген жумушчу топко кол салышты. Жумушчу топтун өкүлдөрү мыйзамсыз салынган жерлер тууралуу маалыматты текшерүү үчүн келишкен.

Топко райондук администрациянын, прокуратура жана ички иштер органынын кызматкерлери кирген. Окуя 14-февралда болгонун Өзбекстандын ИИМи кабарлады.

Сурхандарыя облусунун “Халкабод” махалласынан чыр чыккан. Бийлик өкүлдөрү айыл-чарба багытындагы жерге мыйзамсыз турак-үйлөрдүн курулуп жатканын тактап текшерүүгө келишкен.

Жергиликтүү тургундар менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда, жумушчу топко айрым жарандар ар кандай буюмдар менен кол салышкан. Натыйжада чоң жаңжал чыккан. Окуя болгон жерге башка дагы милиция кызматкерлери тартылып, бирөөнүн баш-мээси чайкалган, экинчиси денесинен жаракат алган.

Аталган факт боюнча прокуратура тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь