Лебединовкада мектептин спорт залы күйүп кетти (ВИДЕО)

342

19-февраль күнү болжол менен саат 21:50дө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагына караган Восток айылындагы мектептин спорт залынан өрт чыкты. Бул туурасында тилсиз жоого күбө болгон журналист Дүйшөн Шаршенбеков билдирди.

Орто окуу жайдын күзөтчүсүнүн айтканына таянсак, спорт зал электр энергиясы менен жылытылгандыктан, машыгуу үчүн колдонулган март батареяга чукул жыйылган. Натыйжада электр зымдары келип батарейкага кошулган жеринен учкун чыгып, өрт пайда болгон“,- дейт окуянын күбөсү.

Өрт түндө чыккандыктан мектептин күзөтчүсү коңшуларды чакырып, өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышкан. Ал эми ӨКМден эки өрт өчүрүүчү топ келишкен.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь