«Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери пара менен кармалды

167

«Ошэлектр» ААКсынын кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ошэлектр» ААК текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. 50 миң сом пара алып жаткан маалда кармалды.

Аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусу Т.Б. электр энергиясын уурдаган деп андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь