Саякат кемесиндеги эки жүргүнчү коронавирустан каза болду

200

“Diamond Princess” саякат кемесинин эки жүргүнчүсү коронавирустан каза болгонун Япон коомдук телевидениеси билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон бир эркек жана бир аял киши болжол менен 80 жашта болгон. Учурда алардын улуту, качан жана кантип ооруканага жеткирилгени айтыла элек.

“Diamond Princess” лайнеринде кыргызстандык бир жаран бар, ал коронавирус жуктурбаганы айтылууда.

Эскерте кетсек, кечээ лайнерден алгачкы жүргүнчүлөр жээкке түшө башташкан. Алар эки жумалык карантинде болуп, илдеттин белгилери байкалбагандар кемеден чыгышкан. Шаршемби күнү кемеден 443 жүргүнчү чыгып кеткен. Бүгүн дагы 500дөй жаран кемеден сыртка чыгарылары күтүлүүдө.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь