УКМК: Атамбаев күнү-түнү дарыгердин көзөмөлүндө

141

Алмазбек Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин медициналык көзөмөлүндө турганын УКМКдан билдиришти.

Учурдагы Атамбаевдин абалы туруктуу.

“Айыпталуучу тарабынан эч кандай даттануулар жок. Эгерде бар болсо, албетте дарыгерлер дароо жардам берет”,– деп белгиледи УКМКдан.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев тамактануудан баш тартпаганын кошумчалашты, ал УКМКнын СИЗОсундагы бардык кармалуучулардай эле өз убагында азык менен камсыздалууда. Мындан тышкары Атамбаевге жакындарынан жана туугандарынан дайыма жөнөтүүлөр келип тураары белгиленди.

Кечээ Алмазбек Атамбаевдин уулдары – Сейид жана Кадырбек атасынын ден-соолугу кескин начарлаганын жазып чыгышкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь