Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жарым финалга чыкпай калды.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Алгачкы кармашында эле ал жапониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилди. Бирок жапон балбаны Каваи финалга чыкканы үчүн Айсулуу Тыныбекова мелдештин коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Коло байге үчүн беттеште Тыныбекова индиялык Сонам Сонам менен күч сынашат. Финалдык жана коло байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:30да башталат.

Мелдеш Индиянын Нью-Дели шаарында өтүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
11
3
Loading...

Комментарии

  1. Айсулуу молодец ага кайгырбаш керек дагы коп коп дайарданыш керек алдыда мындан коп сыноолор бар баарын эле жыга берсен элдин козу тийет Алга Алга Айсулуу молодец Биз сыймыктанган кыз

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 495