Бишкектин подъезддеринен велосипед уурдап жүргөн шектүү жаран кармады. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 19-февралда борбордун С.Э. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда ал ошол эле күнү “Асанбай” кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен баасы 11 миң 500 сомдук “Айма” маркасындагы велосипедин белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт КЖБРге катталып, “уурулук” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде милиция кызматкерлери 1986-жылы туулган П.А. аттуу жаранды шектүү катары кармашкан. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, уурдалган велосипеддерди кайда катаарын көрсөтүп берген. Милиция кызматкерлери шектүүнүн дагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун териштирүүдө.

Милиция шаар тургундарын бул адамдан жабыр тарткандар болсо төмөнкү номурларга чалууну суранат: 0(557) 10-29-77, 0(500) 10-23-05 жана 102».

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 147