28-январдан 21-февралга чейинки аралыкта Кытайдан Кыргызстанга 1 миң 356 адам келди. Алардын ичинен 876сы – Кыргызстандын, 363 – Кытайдын, 36- Россиянын жарандары.

Келгендердин көпчүлүгү “Манас” эл аралык аэропорту (761), «Ош» аэропорту (89)жана “Ак-Жол” (407) өткөрмө бекети аркылуу өлкөгө киришкен.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандар жок.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, азыркы тапта Кытайда Кыргызстандын 300 жараны бар. Алардын ичинен 23ү иштери боюнча жүрсө, 13ү үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу кармалууда. Ал эми калгандарынын дээрлик көбү студенттер.

Кытайда жүргөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү боюнча Кытай бийлиги менен күнү-түнү сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
9
35
Loading...

Комментарии

  1. Ким гарантия бере алат,ким жооп берет? Эмне үчүн чек арадан өтүштү,ким улуксат берген?

  2. Аларды эмнеге киргизишет карона вируска Кыргызстан даяр эмес аптекаларда маска жок

  3. Жабыш керек чек араны. Откозбой тургула эч кимди озубузго алыбыз жетпей жатканда аларга эмне бар.

  4. Аргасыз согунгонго мажбур болуп жатам бийликтегилер ан сезими томон эшшектер ыткыйып ичтерин челкейтишип акчаны чонтоко салып койуп к черти запускаете людей 😠😠😠

  5. Конечно, бир нерсе болсо (кудай сактасын) ал акчасы коп, курсагы челкейгендер безопасный жерлерге чыгып кетет.

  6. Россия менен кытайдын жарандарын эмнеге киргизишет, телевизордон граница жабык, деп мактанып жатышпайбы, .ушунча калп айтышабы. Тартип деген да бир жакка тентип кеткен го

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 4 688