Алмазбек Атамбаевдин бир айдан бери кан басымы төмөн болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн 21-февралда Рыскелди Момбеков айтты.

УКМКнын алдына Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары дагы келген. Асель Кодуранова жана Рыскелди Момбеков УКМКнын ичине кирип, Атамбаев менен жолугуп кабар алып чыгышты.

Кан басымы бар экени буга чейин деле белгилүү болчу. Азыркы көрсөткүч 80/60. Эртең мененкисин чайга бал кошуп ичип жатканын айтты. УКМКнын балдары жакшы мамиле кылып атат, эки жолу күнүгө спортзалга машыгууга алып барып жатат деди. Күнөөсү жок балдарымдын суракта жүргөнүн ойлоп түнкүсүн кан басымым түшүп кетип жатат деп айтты. Акырына чейин чыдайм деди. Түрмөнүн ичинде өлүп калбайын деп секирчү эмес экен секирип жатыптыр“,- деп билдирди депутат Рыскелди Момбеков.

Видео: “Акипресстен” алынды

Макала жактыбы?

НетДа
31
53
Loading...

Комментарии

  1. Ар бир адам оз куноосу учун жооп берсин, Атамбаев озуну ойлогон адам, Элге эч кандай пайдасы болгон жок!

  2. “Атамбаевден эч ким жамандык коргон эмес” деп куйгузбогулочу, Атамбаев куноосуз жалган жалаа менен камаган адамдар эмдигиче чыга элек, чыкса дагы соттошуп оттошуп журушот….

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 683