Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Мьянма менен Кыргызстандын футболдук беттеши алдын-ала сүйлөшүлгөн деп шектенип жатканын Кыргыз футбол бирикмесинен билдирди.

2019-жылдын октябрь айында Мьянма-Кыргызстан футболчулары беттешип, ак шумкарлар атаандашын 7:0 ири эсебинде утуп чыккан.

ФИФАнын Кыргызстанга дооматы жок, алардын Мьянмага суроолору болуп жатат. Иликтөө качан аяктай турганы азырынча белгисиз“,- деп билдирди КФБден.

ЖМКлардагы маалыматтарга таянсак, Мьянманын командасы кураманын башкы машыктыруучусун кетирүү максатында атайын сүйлөшүп ойношкон. Бишкектеги беттештен кийин чындыгында башкы машыктыруучу Миодраг Радулович эки жылдык келишимин үзүп, ордуна жаңы машыктыруучу Антуан Хей келген.

FIFA уюмунун өкүлдөрү күмөн жараткан оюндан улам Мьянмага барып футболчулар менен аңгемелешкен. Эгерде тергөөнүн жыйынтыгы менен кандайдыр бир спорттук манипуляциянын белгилери аныкталса катуу жаза берилерин эскертти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 93