Алматыда 183 сойку кыз кармалды. Арасында кыргызстандыктар дагы бар (ВИДЕО, сүрөт)

1 391

Казакстандын Алматы шаарында сойкулук менен алектенген кыздарды аныктоо үчүн он күн бою массалык рейд жүргүздү. Жалпысынан 183 жеңил ойлуу кыздар кармалып, алардын ичинен 15и чет элдиктер болгон. Үчөө Россиянын жараны, бирөө Украинанын,  5 кыз Өзбекстандын жана 6 кыз кыргызстандыктар болгон.

Кармалгандардын он биринин жанында документтери болгон эмес. Полициядан билдиргендей, бир түндүн ичинде Алматынын төмөнкү аймагынан интимдик кызмат көрсөткөн эки мейманкана аныкталды. Кечээ күнү 20 сойку кармалып, мейманканалардын ээлери дагы жоопкерчиликке тартылды.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иштердин үстүнөн Алматы полиция департаментинин тергөөчүлөрү иш алып барууда.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь