Лондон Ханышасынын колледжиндеги ооруканада аялдын мээсине операция жасалды. Операция учурунда бейтап скрипкада ойноп турган. Дарыгерлер 53 жаштагы скрипач Дагмар Тернерге операция жасагандан кийин үч күн күндөн соң ал ооруканадан чыккан.

Дарыгерлер операцияны ортолоп калганда, бейтапты наркоздон чыгарышкан. Себеби колдун кыймылына жооп берген мээнин бөлүктөрүнө тийип албаганын билип туруу керек болгон. Ал эми бул учурда Дагмар Тернер скрипкада ойноп, дарыгерлерге жардам берген. Хирургдар баш мээдеги шишикти ийгиликтүү ала алышты.

“Барынан мурда скрипкада ойной албай калуу коркунучу менин жүрөгүмдү өйүгөн. Бирок дарыгерлер мени куткарып калышты, мен аларга чексиз ыраазымын жана жакынкы арада орекстрге кайтып барам деген үмүтүм терең”, -деген Дагмар Тернер операциядан кийин.

“Биз бир жылда 400дөй шишикти алуу операциясын жасайбыз жана операция учурунда бейтаптарды ойготууга туура келет. Себеби биз анын тил рефлексин сезип жатканын текшерип турушубуз керек. Бирок тажрыйбамда биринчи жолу скрипка ойногон бейтапты көрдүм”,- дейт нейрохирург Кейумарс Ашка.

Дарыгердин айтымында Дагмар Тернердин 90% шишигин алышкан, ал сол колунун бүт кыймылын сактап кала алдык деп кошумчалады.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 433