Бишкекте ооруканага түшкөн кытайлык аялдан коронавирус чыккан жок

1 137

20-февраль күнү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Тез жардам менен Кытайдын жараны жеткирилген. Ал Пекинден Бишкекке 2020-жылдын январь айынын башында келген.

Дарыгерлер бейтапка кароо жүргүзгөн соң анын дене табы 37.6 градус жана мурду бүтүп жатканын аныкташкан. Андан дароо тийиштүү анализдер алынып, коронавирустун белгилери аныкталган эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, кытайлык аялдын абалы канааттандырарлык жана андан коронавирус аныкталган жок. Ал медициналык кароодон өткөндөн кийин ага Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги көз салып жатканы айтылды.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь