Жалал-Абадда үч эм төрөлдү

856

4-февраль күнү Таш-Көмүр шаардык ооруканасында үч эм төрөлдү. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылынын тургуну Талантбек кызы Алтынкыз 3 кызды жарыкка алып келген.

Ымыркайлардын саламаттыгына байланыштуу Жалал-Абад шаарынын төрөт үйүнө алып келишкен. Бул сүйүнүчкө Ак-Суу айыл өкмөтү 50 миң сом акча каражатын тапшырышыптыр. Нуралы Майлиевдин үй бүлөсүндө 3 эмден сырткары 2 бала бар. Мына 3 эмдин төрөлгөнүнө 18 күн болду. Азыр да ооруканада жатышат. Облус жетекчиси, шаар мэри кабар алып, кыргыздын санын көбөйтүп жаткан каарман эненин колун кармап, бир камкордук кылып коюшса болот да“, -деп журналист Элнура Кулуева нааразычылыгын фейсбук аркылуу жазып чыккан.

Жалал-Абад облусунун жетекчиси Нурболот Мирзахмедов бул боюнча тийиштүү тапшырмаларды берип, оорукананын жетекчилигин жакшылап кам көрүүнү тапшырды.

Ошондой эле облустук бийлик тарабынан тиешелүү жардамдар бериле турган болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь