Ош шаардык милициясы өспүрүмдөргө жагымдуу маанай тартуулады (сүрөт)

238

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын А.Матмусаев атындагы Жапалак милиция бөлүмчөсү тейлеген аймагындагы 7 мектептен тандалып алынган 40 окуучуну зоопаркка, А.Навои атындагы эс алуучу паркына алып барышып, жагымдуу маанай, кайталангыс эмоцияларды тартуулашты. Аларга даамдар тартууланды. Ар бир окуучуга спорттук комплект костюмдар белекке берилди. Окуучулардын жолдо жүрүүдөгү коопсуздугун Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздөө бөлүмүнүн кызматкерлери камсыз кылып беришти.

Ал эми коомдук жайларда балдарды жашы жете электер менен иштөө инспекциясы менен соцпедагогдор көзөмөлүнө алышкан. Бул иш чаралардын бардыгы быйылкы балдарды колдоо жылынын алкагында өтүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь