Таштандысын урнага салбай ыргытып жиберген бишкектикке айып пул салынды

175

Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы күн сайын шаардын ар бир районун кыдырып, шаарды абаттоо боюнча эрежелерди бузган көп сандаган жарандарды аныктоодо.

Ч.Айтматов кең көчөсүндөгү 4-үйдө жашаган М.к.А. аттуу аял таштандысын челектерге жеткизбей, уруксат берилбеген жерге ыргытып жиберген. Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, тартип бузуучуга 5 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынган.

Ошондой эле № 5 кичи районундагы «Оптима банк» компаниясына карата өнөр жай калдыктарын ыргытышканы үчүн протокол түзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч, үйүңүздөрдүн, кеңселериңиздердин тегерегинде тартипти сактап, уруксат эмес жерлерге таштанды ыргытпаңыздар!

Булак: Вести.кг

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь