Украинада Кытайдан келген автобустарды ташбараңга алышып, башаламандык орун алды (видео, сүрөт)

436

Украинада Новые Санжары айылынын жашоочулары коронавирус эпидемиясына байланыштуу Ухандан эвакуацияланып келген жарандарды санаторийге киргизбөөгө аракет кылышты.

Алар жолдорду тосуп салышкан, полиция жолду ачып кирүүгө аракет кылганда тургундар автобустарды ташбараңга алышкан. Ал эми салондо отурган жургүнчүлөр денеси менен жаап балдарын коргоого аракет кылышты.

Полиция менен жергиликтүү тургундардын ортосунда кагылышуу орун алып, натыйжада автобустар Украинанын Улуттук гвардиясынын медициналык борборунун аймагына киргизилди.

Автобустун ичинде Укаринанын 45 жараны жана 29 чет элдик (Аргентина, Эквадор, Доминикан Республикасы, Сальвадор, Коста-Рика, Черногория, Панама жана Израиль) жарандар болгон. Алардын бардыгынын ден-соолугу чың экени маалымдалды.

Окуя боюнча өлкөнүн президенти Владимир Зеленский үн катып, массалык башаламандыкты уюштургандар сөзсүз жазаланат деп убадалады.

Акыркы маалыматтарга ылайык, башаламандыкта 9 полиция кызматкери жаракат алып, бир жай тургун ооруканага кайрылган.

Автобусы с эвакуированными из Уханя с боем заехали в санаторий в Новых Санжарах. В них летели камни и бутылки. Атаковавших жёстко задерживали.

Опубликовано Владом Красінським Четверг, 20 февраля 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь