Аламүдүндө бет капчан жигит 70 жаштагы энеге бычак такап, аны карактап кеткен

996

Аламүдүн районунда 70 жаштагы аялды карактоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

18-февраль күнү Аламүдүн райондук милициясына телефон чалуу болуп, Аламүдүн айылындагы үйлөрдүн бирине бет капчан адам каракчылык жасаганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция окуя болгон жерге чыгып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда окуянын чоо-жайын аныкташты.

70 жаштагы жашоочунун үйүнө бет капчан адам кирип улгайган аялга бычак такап, коркутуп анын акча каражатын жана зер буюмдарын алып окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул окуя КЖБРге катталып, “Каракчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында каракчылыкка шектелип, 37 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу А.С. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, кармалган жаран буга чейин жабырлануучунун үйүн сатып алуучу кардар катары кирип, үйдө улгайган аял баласы менен жашаарын жана баласы көбүнчө жумуштар менен үйүнө турбаганын билген.

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь